БИЗГЕ 6 ЖЫЛ!

26.03.2019
Бөлүшүү

Урматтуу достор, кесиптештер, өнөктөштөр!

15-мартта биздин компанияга 6 жыл болду! Сиздер менен кубанычыбыз жана жакшы маанайыбыз менен бөлүшүүгө шашылабыз. Биздин компания «Экопродукт Азия» ЖЧК 2013-жылы өз ишмердигин баштаган жана Борбордук Азиянын рыногуна «Organic» маркасы алдында түз сыгылган брендделген ширени биринчилерден болуп алып чыккандарданбыз. «Organic» - жаңы, жакшы бышкан, жергиликтүү жемиштерден, жашылчалардан жана мөмөлөрдөн жасалган 100% түз сыгылган ширелер! «Organic» бул эң сонун накта даам, накта курамдын бардык пайдасы жана жакында марка жаңыртылган дизайнда, ыңгайлуу кармагычы менен чыгат!

Биз кардарларыбызга жаңы ар кандай даамдарды жана өзгөрүлбөс сапатты сунуштоо менен өсүүдөбүз жана динамикалуу өнүгүүдөбүз. Бул жылы биздин ассортимент дагы бир «ТОЙ даамы» бренди менен толукталды! «ТОЙ даамы» - бул жеткиликтүү баадагы накта жана даамдуу шире камтыган, майрамдык столдун тамак-аштары менен эң сонун айкалышкан суусундук! Биздин керектөөчүлөргө ыракат тартуулаган жана пайда алып келген, ар түрдүү сапаттуу ширелер жана суусундуктар менен биздин ассортиментти андан ары өнүктүрүү пландарыбызда бар, анткени бул «Экопродукт Азия» миссиясынын бир бөлүгү.

Биздин сатып алуучуларга, өнөктөштөргө, пикирлештерге ыраазычылык билдиребиз! Сиздер үчүн иштөө чоң ардак жана кубаныч. Дем бергендериңиздерге чоң рахмат. Биз өз ишибизди жакшы көрөбүз, ошондуктан мындан ары да Сиздерди даам жана сапат менен кубандырабыз, ошондой эле Сиздерди жаңылыктар жана инновациялар менен таң калтыруу жагымдуу. Чын жүрөктөн,сиздердин «Экопродукт Азия» компанияңыздар