"Экопродукт Азия" ЖЧК компаниябыз КЭРнын Шанхай шаарында өткөн

02.12.2019
Бөлүшүү

Урматтуу достор, кесиптештер, өнөктөштөр!

Биз буга чейин сиздер менен бөлүшкөндөй, биздин "Экопродукт Азия" ЖЧК компаниябыз КЭРнын Шанхай шаарында өткөн China International Import Exhibition 2019 импорттук продукциялардын эл аралык көргөзмөсүндө катышты. Көргөзмө жогорку деңгээлде өттү. Бул зор тажрыйба болду, анткени биз ширелердин жана нектарлардын кеңири ассортименти менен мындай масштабдагы иш-чарага биринчи жолу катыштык! Жакшы жаңылык менен бөлүшкүбүз келет.

Биздин продукцияга зор кызыгуулар болду, анын ичинде биздин түз сыгылган ширелерибиз же NFC (not from concentrate) ширелер кызыктырды. Биз компанияны гана эмес, жалпысынан Кыргызстанды дагы сыймыктануу менен татыктуу тааныштырдык, биздин стенд этно стилде жасалып, чоң экрандарда биздин өндүрүш, бакчалар жана албетте биздин өлкөнүн кооз жаратылышы тууралуу роликтерди көрсөттүк, ал эми комуздун добушу жана кесиптештерибиз кийип жүргөн кооз калпактар бизди башка стенддердин фонунда байкаларлык айырмалап турду Кытай керектөөчүлөрү тамак-аш азыктарынан накта курамды, экологиялуулукту, пайданы жана мыкты даамды издешет жана биздин ширелер бардык бул керектөөлөргө шайкеш келип жана жакшы баа алганына абдан кубанычтабыз!

Биз көптү үмүттөндүргөн жыйынтыктарга жете алдык жана азыр биз алдын ала макулдашууларды иштеп чыгуудабыз. Биз муну менен токтоп калбайбыз, мыкты тейлөөнү камсыздоо менен, биздин миссияны – мыкты сапаттагы продукцияны өндүрүүнү улантабыз! Алдыда биздин жаңы бренддер чыгарылат жана жайылтылат, жаңылыктардан артта калбаңыз!